Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:02

Өкмөт Орусиядан өз баасында кумшекер менен өсүмдүк майын алып келатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан азык-түлүк базарындагы бааны турукташтыруу максатында Орусиядан кумшекер жана өсүмдүк майын өз баасында сатып алып, апрель айында өлкөгө алып келгени жатат.

Бул тууралуу 25-мартта “Азаттык” радиосуна Айыл, суу чарбасы жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Темиржан Мааткеримов билдирди:

“500 тонна өсүмдүк майы жана 3000 тонна кумшекер жеткирүү боюнча келишимдер түзүлдү”.

Май жана кумшекер Материалдык резервдер боюнча мамлекеттик фонддун кампасына келип түшөт.

Соңку бир жылда Кыргызстанда азык-түлүк эки эседен ашуун кымбаттады.

Премьер-министр Улукбек Марипов 12-мартта КТРКга курган маегинде азык-түлүк баасын арзандатуу үчүн бюджеттен акча бөлүнгөнүн билдирген. Марипов кымбаттоону Кыргызстандын ички базарынын импортко көз карандылыгы менен түшүндүргөн. (RK)

XS
SM
MD
LG