Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:18

АКШ Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына тынчсыздануусун билдирди


Кыргызстандын жана АКШнын туулары. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын жана АКШнын туулары. Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын Мамлекеттик департаменти 2020-жылы Кыргызстанда адам укуктарын коргоодо солгундоо болгонун белгилеп, тынчсыздануусун билдирди. Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчилиги 31-мартта бул тууралуу маалымат таратып, департаменттин Адам укуктары боюнча жылдык баяндамасында тынчсызданууга бир нече себеп бар экени айтылганын белгиледи.

Алар: укук коргоочу Азимжан Аскаровдун БУУнун бошотуу тууралуу талабына карабастан өлүмгө учурашы, өзбекстандык журналисттин Кыргызстандын милдеттенмелерине карабастан өлкөдөн чыгарылышы, ашынган улутчул топтордун жарандык коом өкүлдөрүнө жазасыз калган кол салуулары, коопсуздук кызматтарынын жарандык коом өкүлдөрүн жана журналисттерди кысымга алуусу, күч кызматкерлеринин кыйноосу үчүн жоопкерчиликтин жоктугу.

АКШ өкмөтү Кыргызстанды баяндамада айтылган ар бир окуяны иликтеп, тийиштүү чара көрүүгө чакырды.

Кошмо Штаттардын элчиси Дональд Лу Кыргызстандын жаңы өкмөтү терс тенденцияны токтоторуна үмүттөнөрүн билдирип, “Биз Жапаров баштаган жаңы бийлик адам укуктарын коргоодо жана адам укуктарын тебелегендерди жоопко тартууда күч-аракетин эки эсе көбөйтүү үчүн жарандык коомду, укук тартибин коргоо органдарын, адам укугун коргоочу уюмдарды жана сот тутумун бириктирет деп үмүттөнөбүз” деди.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин баяндамасында 200гө жакын өлкөдөгү адам укуктарынын жана жумушчулардын укуктарынын абалы талдоого алынат. Анда айтылгандар өлкөгө жардам бөлүүдөн тартып башпаанек берүүгө чейинки маселелер боюнча чечим кабыл алууда эске алынат. (RK)

XS
SM
MD
LG