Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:19

Улукбек Марипов азырынча коронавируска каршы вакцина албайт


Улукбек Марипов.
Улукбек Марипов.

Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов азырынча коронавируска каршы вакцина албайт. Өкмөт аппаратынын маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Толкун Камчыбекова билдиргендей, Марипов мурда COVID-19 менен ооруп сакайган, тест тапшырганда антиденече көрсөткүчү жогору чыккан. Мындан улам дарыгерлер эмдөөгө муктаждык жок деп табышкан.

"Премьер-министрдин пикиринде, вакцинаны алгач тобокел топко кирген медиктер, мугалимдер жана аскерлер алышы керек. Өкмөт башчы өлкөнүн башка жарандары сыяктуу эле вакцина алууну маанилүү деп эсептейт, ошондуктан ал вакцинаны Саламаттыкты сактоо министрлиги аныктаган тартипте алат. Эмдөөнүн биринчи этабынан кийин оорубаган жана инфекциядан иммунитетке ээ болбогон жарандар вакцина сайдырышы кажет",- деди Камчыбекова.

Мурдарак президент Садыр Жапаров да вакцина албай турганы, анын да антиденече көрсөткүчү жогору экени расмий кабарланган.

Кыргызстан коронавируска каршы эмдөөнү 29-мартта Кытай берген SinoPharm вакцинасы менен баштаган. Вакцина алуу ыктыярдуу негизде болот. Өкмөт Орусиянын "Спутник V" вакцинасы келерин билдирген.

Планга ылайык биринчи этапта медкызматкерлер, күч кызматкерлери, мугалимдер жана соцкызматкерлер эмделет. Дипломатиялык мекеме өкүлдөрү бул тайпага кирбейт.

Коомчулукта эмдөөнүн жыйынтыгынан чоочугандар болгондуктан, жарандык активисттер эмдөөнү бийлик башындагылар алып, элге үлгү көрсөтүшү керектигин айтып келишет.

Кыргызстанда коронавирус жуккандардын расмий саны 89 миңге чамалап, илдет 1,5 миң бейтаптын өмүрүн кыйды.(SE)

XS
SM
MD
LG