Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:37

Карашев "Бажыда коррупция жок" деди. Депутат ага ишенген жок


Замирбек Карашев.
Замирбек Карашев.

Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Замирбек Карашев Бажыда коррупция жок экенин билдирди. Бул тууралуу ал 6-апрелде Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Акыл Кемеловдун суроосуна жооп берип жатып айтты.

«Мамлекеттик бажы кызматында коррупция жок. Бирок адамдык факторду четке кагууга болбойт. Адамдык фактор бүт эле жерде, бүт эле органда бар».

Депутат Акыл Кемелов буга чейинки бийлик да Мамлекеттик бажы кызматында жемкорлук тууралуу факты жок экенин билдиргени менен Бажынын мурдагы кызматкерлери азыр күнөөсүн мойнуна алып, бюджетке акча төлөп берип жатканын эске салды.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-февралда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал бажыда коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып, буга чейин бюджетке 2 млрд. сом төккөн.

«Азаттык» радиосу медиа өнөктөштөрү менен бирге Кыргызстандын бажысындагы коррупциялык схемалар, ага аралашкан адамдар тууралуу бир нече иликтөөлөрдү жарыялаган.

2020-жылы Улуттук статистика комитети мамлекеттик органдарга элдин ишеним деңгээли боюнча иликтөө кылган. Анын жыйынтыгында Кыргызстанда Бажы кызматы «эң коррупциялашкан мекеме» деп табылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG