Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:53

Депутат Икрамов өкмөт курамын кызматтан кетирүүнү сунуштады


Тазабек Икрамов.
Тазабек Икрамов.

Жогорку Кеңештин депутаты, "Өнүгүү- Прогресс" фракциясынын мүчөсү Тазабек Икрамов өкмөт иштебей жатат деген жүйө менен премьер-министр баштаган жалпы курамды кызматтан кетирүүнү сунуштады. Ал 8-апрелдеги отурумда күйүүчү май, азык-түлүк кымбаттаганын, уурулук, мыйзамсыздык күч алганын белгилеп, бул үчүн өкмөттү айыптады:

"Иштебеген министрлердин, өкмөттүн эмне кереги бар? Бул жерге министр келсин деп жатабыз, премьер-министр өзү да келип, бизге кылып жаткан иши тууралуу маалымат берсин. Иштей албаган өкмөттү отставкага кетирүү тууралуу сунуштарды колдойм".

Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу ички иштер министри Улан Ниязбековдун парламентке келип маалымат берүүсүн бир катар депутаттар талап кылган. Депутаттар анын ордуна жиберилген орун басары Эркебек Аширходжаевдин маалыматын угуудан баш тартышты.

Айзада Канатбекова 5-апрелден бери дайынсыз болуп, сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

Шаардык милиция кызды уурдоого шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирди.

Баштапкы кабарларга ылайык, Айзаданы Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар уурдап кетишкен. Интернетке үч киши көчөдөн бир кызды күчтөп машинеге салып кеткени тартылган видео тараган. Тасма видеокөзөмөлгө жазылып калган. Кыз уурдалган учурда жолдо өтүп бараткан кишилер эч кандай реакция жасашкан эмес.

Маркумдун сөөгү бүгүн Балыкчыга коюлганы жатат. Айзада Канатбекова 1994-жылы туулган. Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Спорт факультетин 2020-жылы аяктаган.

Окуядан улам коомчулукта милициянын ишине катуу сын айтылып жатат. Бишкекте жана Ошто күнөөлүүлөрдү жазалоо, мындай көрүнүштөргө жол бербөө жана ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өттү. (ZKo)

XS
SM
MD
LG