Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Ошто өрттөн бир адам каза таап, дагы бирөө оор жаракат алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 8-апрелде саат 13:30 чамасында Алай районунун Гүлчө айылындагы борбордук базардын артында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Өрт өчүрүүчүлөр жарым сааттан кийин өрттү толук өчүрүшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, жалпы 103 чарчы метр жер күйүп, анда 66 жаштагы адам набыт болгон.

7-апрелде Кара-Суу районунда 62 жаштагы аял өрттөн жаракат алган. Дарыгерлер анын абалын оор деп баалап жатышат.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатканы кабарланды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG