Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Британ канзаадасы Филипп көз жумду


Канзаада Филипп. Лондондогу оорукана. 2021-жылдын 16-марты.

Улуу Британиянын канышасы Элизабет Экинчинин күйөөсү, канзаада Филипп бүгүн, 9-апрелде 100гө таяган курагында көз жумду. Бул тууралуу Букингем сарайы билдирди. Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон бул окуяга байланыштуу коомчулукка атайын телекайрылуу жасады:

Биз бүгүн каныша менен чогуу кайгырып жатабыз. Канышага жана анын бардык үй-бүлө мүчөлөрүнө терең көңүл айтабыз. Эдинбург герцогу, канзаада Филиппке улуттун, падышалыктын атынан баскан жолу, жасаган иши үчүн рахмат айтабыз”, - деди Жонсон.

Маркум Филипп мурдагы грек падышасы Георг Биринчинин небереси болчу. Филипп мырза Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Улуу Британиянын аскер деңиз флотунда кызмат өтөгөн, деңиздеги салгылашууларга катышкан. Жубайы менен окуп жүргөндө таанышкан жана түгөйлөр 1947-жылы баш кошкон.

Каныша Элизабет Экинчи жана канзаада Филипп. Лондон. 2017-жылдын 17-июну.
Каныша Элизабет Экинчи жана канзаада Филипп. Лондон. 2017-жылдын 17-июну.

Филипп 2017-жылга чейин падыша үй бүлөсүнүн иштери менен алектенген. Ал буга чейин дүйнөлүк көптөгөн лидерлер - Жон Кеннеди, Леонид Брежнев, Ли Сяньян жана башкалар менен жеке жолугушуп, жакшы тааныш болгон.

Ал быйыл жыл башында бир айдай ооруканага жатып чыккан. Канзаада Филипп эки айдан кийин 100гө чыкмак.

XS
SM
MD
LG