Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:01

Ош шаарында бүгүн 1519 адам добуш берүүгө катышты


Ош шаары №5278 шайлоо учаскасы
Ош шаары №5278 шайлоо учаскасы

Ош шаарында бүгүн 10-апрелде 1519 адам добуш берди.

Бул тууралуу аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Муктар Пайзылдаев билдирди. Мыйзам боюнча шайлоо өнөктүгүнө катыша албаган жарандар аймактык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылышы керек.

Бүгүн таңкы саат сегизден баштап добуш берүү башталган. Майыптыгы бар адамдар жана кары-картаңдар үйүнөн добуш беришти.

Ош шаарында 151 960 жаран референдумга, 151 671 адам шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого катышат.

Мыйзамга ылайык шаарда каттоого турбаган адамдар референдумга гана добуш бере алат.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Баш мыйзамдын жаңы редакциясына добуш берүү 11-апрелде өтөт. Партиялар утуп чыгышы үчүн 7 пайыздык босого чектен өтүшү зарыл.

Ош шаардык кеңешиндеги 45 мандат үчүн 9 партиядан 707 талапкер катталган. (MrA)

XS
SM
MD
LG