Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:25

Садыр Жапаров Британиянын ханышасына көңүл айтты


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров ханыша Елизавета IIге анын жолдошу ханзаада Филипптин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу өзүнүн жана Кыргызстандын атынан көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

«Эдинбург герцогу улуу даражалуу ханзаада Филипптин дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун элинин аза кайгысын тең бөлүшөм», - деп айтылат маалыматта.

Улуу Британиянын ханышасы Элизабет IIнин күйөөсү, ханзаада Филипп 9-апрелде 100гө таяган курагында көз жумду.

Маркум Филипп мурдагы грек падышасы Георг Iнин небереси болчу. Филипп мырза Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Улуу Британиянын аскер деңиз флотунда кызмат өтөгөн, деңиздеги салгылашууларга катышкан. Жубайы менен окуп жүргөндө таанышкан жана түгөйлөр 1947-жылы баш кошкон.

Филипп 2017-жылга чейин падыша үй-бүлөсүнүн иштери менен алектенген. Ал буга чейин дүйнөлүк көптөгөн лидерлер - Жон Кеннеди, Леонид Брежнев, Ли Сяньян жана башкалар менен жеке жолугушуп, жакшы тааныш болгон.

Ал быйыл жыл башында бир айдай ооруканага жатып чыккан. Ханзаада Филипп эки айдан кийин 100гө чыкмак.

XS
SM
MD
LG