Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Ысык-Көлдө сабалган уландын абалы оор


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун "Азаттык" радиосуна маалымдашынча, 9-апрелден 10-апрелге караган түнү Каракол шаарынын Кашка-Суу кичи районунда 17 жаштагы улан облустук ооруканага түшкөн.

Дарыгерлер жабырлануучунун баш сөөгү сынганын жана анын абалы учурда оор экенин билдиришти.

"Өспүрүм Кашка-Суу кичи районунда теңтуштары менен футбол ойноп жаткан кезде белгисиз балдар келип чакырып кеткен. Сүйлөшүү учурунда аны чакырган бейтааныш балдардын бири ыргыткан таш баланын башына тийген", - деди Сталбек Усубакунов.

Бул факты Жазык кодексинин 266-беренеси ("Ээн баштык") менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Иликтөө иштеринин натыйжасында 10-апрель күнү Ак-Суу районунун Ташкыя айылынын бир нече тургундары шектүү катары кармалды. Алар Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Тергөө уланууда.(KS)

XS
SM
MD
LG