Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:44

Путин мигранттардын балдарынын "кесепетин" айтып чыкты


Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөдөгү мектептерде чет элдик эмгек мигранттарынын балдарынын көбөйүшүнө кабатырланып, алардын санын кыскартууга чакырды.

Путин президенттин алдындагы Улут аралык мамилелер боюнча федералдык кеңештин жыйынында сүйлөп жатып, мигранттардын балдары "жергиликтүү окуучулардын билим деңгээлине терс таасир тийгизип, улут аралык араздашууга дайыма себеп болуп жатат", деп айтты:

"Биздин мектептердеги мигранттардын балдарынын саны формалдуу түрдө гана эмес, иш жүзүндө дагы орус тилдүү чөйрөгө ылайыкташкандай болушу зарыл. Мында алар бир гана тилге эмес – биздин маданий чөйрөгө дагы терең аралашып, аларга биздин орусиялык баалуулуктар кеңири сиңирилгендей болушу керек", -деди Путин.

Айрым жергиликтүү адам укугун коргоочулар Путиндин мындай билдирүүсү мектептерде сырттан келген окуучуларга басым-кысымды, басмырлап-кодулоону дагы күчөтүшү ыктымалдыгын эскертишти.

XS
SM
MD
LG