Ош шаарындагы "Жетиген" менчик мектебинин 3-классынын окуучусунан COVID-19 вирусу аныкталган. Бул маалыматты Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин Ош шаарындагы координатору Кыялбек Ташполотов журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, илдет кызга атасынан жуккан.
"Бир үй-бүлөдөн төрт кишиден чыкты. Эки кызы шаардагы "Олимп" жана "Жетиген" мектептеринде окушат экен. Атасы вируска Бишкектен кабылып, кийин үй-бүлөсүнө жуктурган. Учурда бул кыздар окуган мектептерге барып, тийиштүү санитардык зыянсыздандыруу иштерин жүргүздүк. Эки мектепте тең кыздар окуган класстар эки жумалык карантинге жиберилди, алар үйдөн онлайн окушат. Балдар, алардын үй-бүлө мүчөлөрү толук биздин көзөмөлүбүздө болот".
Бул маалыматты "Жетиген" мектебинин директору Зайнидин Момунов да ырастады. Анын айтуусунда, кыз өткөн жумада ооруп калып, үйүндө дарыланып жаткан. Анын менен чогуу окуган классташтары да эки жумага обочолонууга жиберилген.
"Жетиген" мектебинде 900 бала окуйт.
Буга чейин Бишкекте да коронавирус балдарга жукканы лабораториялык жактан тастыкталган.
13-апрелде Ош шаарында алты адамдан COVID-19 илдети аныкталды.
13-апрелге карата Кыргызстанда 227 киши коронавируска чалдыкканы аныкталды. Бул былтыркы сентябрдан берки эң көп көрсөткүч. Республика боюнча вирустан бир күндө төрт бейтап көз жумду.
Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондор 1532ге жетти. Расмий эсепке ылайык, вирусту 90 599 киши жугузуп, 86 152си айыкты.(ZKo)