Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:11

Коронавирусту уу коргошун менен дарылоо сынга кабылды


Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги COVID-19 вирусуна каршы элди уу коргошун чөбүнүн тундурмасы менен дарылап жатканын жарыялады.

Саламаттык жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска чалдыгып, ооруканада жаткандарга соңку 15 күндөн бери Ысык-Көл тамыры деп аталган чөптүн тундурмасы берилип жатканын кабарлады.

Ал мындай дарылоону президент Садыр Жапаров сунуштаганын, бейтаптарды дарылоодо дозаны аныктоо үчүн президенттен кеңеш сурап жатканын айтты.

"Садыр Жапаровдун атасы Нургожо ажы ушул чөп менен дарылачу экен. Жапаров 2020-жылы 2-мартта ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековго абактан кат жазып, ушул чөптү колдонууну сунуштаган. Бирок ал (Сооронбай Жээнбеков-ред.) катты ачып да окубаптыр. Садыр Жапаров мага сунуштагандан кийин дозасын көргөзүп бериңиз деп айттым. Андан бери инфекциялык ооруканада иштеген дарыгерлерге үйрөтүп жатабыз. Азыр муну ичкендин баары жакшы уктап атат. "Өлүп калам го" дегендин баары айыкты. Аны көргөн башка бейтаптар "мага да бергилечи" деп сурашууда. Азыркы кезде COVID-19 вирусу жуккан 300 адамды айыктырдык", - деди министр.

Бейшеналиев журналисттердин алдында өзү да уу коргошундун тундурмасын ысытып ичти. Муздак колдонууга болбосун, ал өлүмгө алып келерин эскертти.

15-апрелде президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын жарыялаган. Көп өтпөй анын социалдык тармактагы расмий баракчаларына бир нече киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө кайнатманы куюп жатканы тартылган видео жарыялаган. Анын сыртында "Уу коргошун" деген жазуу бар.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму кыргыз бийлиги айткан ыкма тууралуу билдирүү таратып, кайсы дары болбосун клиникалык изилдөөдөн өтүшү керектигин, ансыз элди дарылоо кооптуу экенин эскертти.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев уу коргошунду колдонууда министр президентти кайра-кайра айтканына караганда, анын сөзүн эки кылбай аткарды деген пикирде.

Талантбек Батыралиев.
Талантбек Батыралиев.

"Дүйнөлүк деңгээлде дары чыгаруунун ыкмалары бар. Бул абдан оор процесс. Азырынча илимий негизге таянып, туура же туура эмес деп айта албайм. Балким президент жардам берүү ниети менен сунуштагандыр. Бирок бул ыңгайсыздыкка алып келиши мүмкүн. Азырынча уу коргошун тууралуу так кесе айта албайм".

Ал эми дарыгер жана активист Мирбек Маматкасым уулу уу коргошун менен дарылоо ыкмасын "апендичилик" деп сындады.

"Президент кайсы бир далилденбеген маалыматты жарыялап салды, министр ага кошомат кылып, тастыкталбаган дарыны расмий түрдө коронавирусту дарылоо протоколуна кошкону жатат. Мен муну апендичилик деп айтамын. Азыр дүйнөдө максималдуу түрдө коронавируска каршы эмдөө жүрүп жатат. Мисалы, Израилде калктын 60% эмдөөдөн өткөн экен. Биз вакцина алуу жагынан дүйнөдөн артта калып, коңшу өлкөлөргө шерменде болуп жатабыз".

Эл арасында уу коргошун менен дарылоо элдик медицинада колдонулары айтылып келет. Бирок медицинада буга тыюу салынган. "Кыргыз Республикасынын жарандарынын саламаттыгын сактоо жөнүндө" мыйзамдын 15-беренесинде “массалык түрдө табыпчылык жүргүзүүгө тыюу салынары” так көрсөтүлгөн.

"Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу табыпчылыктын усулдары жана каражаттары жөнүндө жарнамалоого тыюу салынат" деп жазылган беренеде.

Бермет Барктабасова.
Бермет Барктабасова.

Медицина жаатындагы адис, фармаколог Бермет Барктабасова министр так ушул мыйзамды бузганын айтууда. Ал Бейшеналиев уу чөптүн тундурмасын бейтаптарга ичирип, эксперимент кылганы жана аны медиа аркылуу жарнамалаганы үчүн жоопко тартылышы керек деди:

"Уу коргошун же Ысык-Көл тамыры бүгүн дары катары эч жерде колдонулбайт. Кыргызстандын аймагында аны колдонууга тыюу салынган. Дары-дармек департаментинде дары-дармектердин, күчтүү дары-дармектердин, баңги жана баңгизаттардын курамына кирбөөчү уулуу заттардын тизмеси бар. Анда аконит, "А" менен башталгандыктан биринчи орунда турат. Уу коргошун дары-дармекке кирбейт жана колдонулбайт. Бул зат тууралуу кыргыздар мурда эле билген. Ага ууланып каза болгон учурлар да катталган. Дүйнөлүк практикада да эч жерде дары катары колдонулган эмес. Ошондуктан бүгүн министрдин айткандары кылмыш ишин козгоого негиз болуп берет".

Уу коргошунга байланыштуу билдирүүдөн кийин активист Умай Арыкова саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди кылмыш жообуна тартууну өтүнүп, Башкы прокуратурага даттанганы белгилүү болду.

Арыкова арызды онлайн түрүндө жазып, башкы прокурор Курманкул Зулушевден министрдин уу коргошун боюнча айткандарына укуктук жана юридикалык баа берүүнү талап кылган.

"Буга чейин деле онлайн арыз жазып келгем. Алар мага жооп беришкен. Азыр да жооп бериши керек. Дүйшөмбүдө ушундай эле арызды УКМКга өз колум менен алып барып тапшырам. Анткени, министрдин жоругу - улуттук коопсуздукка коркунуч келтирет. Эл тундурманы ичип, жапырт ууланып, арты жаман аякташы мүмкүн. Буга кырдаалды түшүнгөн, билими бар кишилер кайдыгер карабашы керек. Арызды көбүрөөк адам жазса жакшы болмок", - деди Арыкова.

Учурда Кыргызстанда коронавируска байланыштуу абал оорлоду. Ага карабай кыргыз бийлиги кырдаалдан карантиндик чектөөлөрдү киргизбей чыгып кетүүгө аракет кыларын президенттин басма сөз кызматы 15-апрелде кабарлады.

Маалыматта Садыр Жапаров Бишкектеги жана Чүйдөгү бир катар медициналык мекемелерди кыдырганы жана кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, вакцина алуудан качпоого чакырганы жазылган.

Садыр Жапаров "кызыл зонаны" кыдырган учурда. 15-апрель, 2021-жыл.
Садыр Жапаров "кызыл зонаны" кыдырган учурда. 15-апрель, 2021-жыл.

“Өзүңөрдүн ден соолугуңарга кайдыгер болбой, кайрылып тургула. Эң негизгиси, мен сиздерден суранарым, баарыңыздар вакцина алыңыздар. Бүгүнкү күндө республика боюнча болгону 4 миңдин тегерегинде гана адам вакцина алды. Вакцина бар. Райондогулар ар бир райборборго барсаңар болот”, - деген Жапаров.

Анткен менен кыргыз чиновниктеринин көбү коронавируска каршы эмдөөдөн өтө элек. Садыр Жапаров өзү да вакцина албай турганын март айында эле президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек кабарлаган. Байтерек анда мамлекет башчыда вируска каршы антитело иштелип чыккандыктан дарыгерлер "эмдөөнүн кажети жок" деп тапканын билдирген.

16-апрелде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен төрт киши каза болду. Ушуну менен өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондор 1544кө жетти. Вирус дагы 230 кишиден табылды.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев ооругандардын кескин көбөйүп кетишине 11-апрелде өткөн шайлоо жана референдум себепкер болгонун билдирди.

Соцтармактагы сын жана шакаба

Ал арада социалдык тармактардын колдонуучулары министр Алымкадыр Бейшеналиевдин билдирүүсүн сынга алып, азил-чыны аралаш пикирлерди жазууда.

Чолпон Орозобекова:

Бул табыптардан кийинки сунуш мындай болот:

Беркиден чеккиле, психологиялык абалыңыз кескин жакшырып, жашоого кызыгууңуз артып, эч бир проблеманы укпай-көрбөй, ойлобой эле бактылуу жашайсыңар!

Айбар Султангазиев:

В Кыргызстане проводятся клинические испытания иссык-кульского корня для лечения COVID, инициированные министром здравоохранения?

Эмилбек Каптагаев:

В общем хана Иссык-Кулскому корню (аконит) как виду растительного мира и полное раздолье черным копателям... Все ущелья перероют и все естественные угодья уничтожат... Это как пить дать. И так за все годы независимости не смогли упорядочить заготовку и сбыт лекарственных растений, там полный беспредел, теперь министр здравоохранения своим безответственным заявлением дал полную отмашку на вандализм и знахарьство... К тому же министр напрашивается на уголовное дело за лечение больных вне утвержденного протокола...средствами, не утвержденными в установленном поряд.

Айданбек Акматов:

Караңгылык. Дөдөйлүк. Мынчалыкка жеткен эмес.
Кудай тообо!!!

Илим Карыпбеков:

Эмне эле баарыңар министрди шылдыңдап жатасыңар! Министр байкеме толугу менен кошулам! Жанагы “Ысык-Көл тамыры” деген чын эле дары чөп экен! Мага эртең менен дос балдарым ушул тамырды ушундай формага салып чыгарышат, ичмек турсун жөн эле түтөтүп койсоң оорубай каласың дешкен. Эртең менен бирөөнү түтөтүп койдум эле, ооруларым айыкмак турсун, жашоом оңолуп кетти десе, проблемаларым өзүнөн өзү эле чечилип! Бул чын эле укмуш чөп экен! Такшто давай ненада капкаяктагыны сүлөгөнский...

Чоробек Сааданбек:

Уу коргошунду дакансаларга безочирет бекер ичирет экен дейт. Шепке болгон сүйүүнү атидо далилдей турган ушундай бир шанс келди дейсиң, таңгөрү. Фанаттар, даярсыңарбы?

Бакай Алмаз:

Саламаттык сактоо министри баш, "Президент (сөрөй)" төш болуп лабораториялык изилдөөлөргө, далилдерге, фактыларга таянбай "Мен колдондум эле, ошого силер да колдонгула" деп калктын саламаттыгын тобокелге салып жатканы эң чоң кылмыш.

Кайсыл өлкөнүн саламаттык сактоо министри изилдөөлөрдүн жыйынтыгына таянбаган элдик медицинадагы каражаттарды колдонууга үндөйт? Апендичилик.

Википедиядан: Уу коргошун (лат. Aconitum, L. 1753) — өсүмдүктөрдүн байчечекейлер тукумунун уруусу. Көп жылдык чөп. Тамыры жоон, түймөк сымал, жалбырагы татаал, манжадай тилик, гүлү сары, көк, кызгылт көк, кээде ак, чачыдай топ гүлгө чогулган. Уу коргошундун Тундүк жарым шарда 300, Кыргызстанда 9 түрү (ак кодол, бурма кара, кара барпы, кулунчак ж. б.) кезигет. Ал — уулуу өсүмдүктөрдүн эң күчтүүлөрүнөн. Уу зат айрыкча тамырында көп. Анда онго жакын алкалоид бар, негизгиси — аконитин.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG