Бишкекте Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл жазуучусу Бексултан Жакиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.
Ага премьер-министр Улукбек Марипов, парламент төрагасы Талант Мамытов баштаган бийлик өкүлдөрү, мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков, саясатчылар, коомдук-маданий ишмерлер, жазуучунун санаалаштары, калемдештери катышты.
Президент Садыр Жапаров баштаган өлкө жетекчилеринин, коомчулук өкүлдөрүнүн атынан жарыяланган көнүл айтууда (некролог) Жакиев башында драматург катары таанылса, кийин элди руханий кризис мөгдөтүп турган учурда публицистика аркылуу коомду агартууга өз салымын кошуп келаткандардын башкы сабында турганы, Кыргыз Республикасынын Баатыры катары өзүн коомго, мамлекетке керектүү адам экендигин далилдей алганы айтылды.
Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.
85 жаштагы Бексултан Жакиев 25-апрелде дүйнөдөн кайтты. Ал соңку кездери ооруп жүргөн.
Жазуучу 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган.
1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 1962-жылы Киносценаристтердин Москвадагы эки жылдык жогорку курсунда билим алган. Андан кийин эмгек жолунда "Кыргызфильм" киностудиясында редактор, Кыргыз ССР Маданият министрлигинде, Кыргыз ССР Мамлекеттик кинематография комитетинде башкы редактор, Кыргызстан театр ишмерлер союзунун катчысы, президенттин мамлекеттик кеңешчиси, "Манас-1000" мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетекчиси, директору, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык боюнча комитеттин төрагасы болуп эмгектенген.
Аны коомчулукка тааныткан "Атанын тагдыры" аттуу драмасы Кыргыз драма театрында 500дөн ашык жолу коюлган.
Жакиевдин "Миң кыял", "Алтын аяк", "Өкүм", "Эртең – жаңы жыл", "Жолугушуу", "Күттүргөн жаз да келер", "Саадак какты", "Жүрөлүчү жүрөк оорутпай", "Жаза" жана башка драмалары бар. Мындан тышкары новелла, аңгеме, очерк, киносценарийлердин автору. Жакында эле анын “Өмүр өтөт билинбей” аттуу чоң повести жарык көргөн.
Бексултан Жакиев Кыргыз ССРинин искусствосунун эмгек сиңирген ишмери, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, Кыргыз эл жазуучусу, III даражадагы "Манас" ордени жана Даңк медалы менен сыйланган. Казакстандын Төлөгөн Айбергенов жана Жамбыл Жабаев атындагы эл аралык сыйлыктардын лауреаты болгон. Ага Казакстандын Астана медалы берилген.
Кыргызстанда Бексултан Жакиевге эң даражалуу Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы ыйгарылган.
Facebook шеринеси