Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:07

Иран: талаш-талкууга түшкөн аудио


 Мохаммад Жавад Зариф
Мохаммад Жавад Зариф

Иранда тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифтин интернетке тарап кеткен аудиомаегине байланыштуу жаңжал күч алды.

Өлкө президенти Хасан Роухани бул аудионун чыгып кетишин өзөктүк келишимди жандантуу тууралуу сүйлөшүүлөр алдында ажырым салууга багытталган аракет деп атады.

Ал 28-апрелдеги өкмөттүн жыйынында "өлкөнүн Чалгын кызматы аудио кандай жол менен уурдалганын аныкташ үчүн колдон келгендин баарын жасашы керек” деп айтты:

Хасан Роухани
Хасан Роухани

"Бул аудио Вена сүйлөшүүлөрү абдан жогорку деңгээлде жүрүп жаткан учурда жарыяланып, өлкө ичиндеги пикир келишпестикти жаратты”, - деди президент.

Роухани айтып жаткан өзөктүк келишимди жандантуу боюнча сүйлөшүүлөр Австриянын борбору Венада өтүп жатат.

Анда АКШнын 2015-жылы Иран жана дүйнөнүн беш державасы менен кол койгон келишимге кайтып келиши жана Тегеранды өзөктүк милдеттемелерди аткарууну жандантуу боюнча сөз болууда.

Хасан Роуханинин биринчи президенттик мөөнөтүндө түзүлгөн макулдашууга ылайык, Иран уранды байытууну 3,67 пайыздан өткөрбөөгө милдеттенме алган. Ал эми АКШ баш болгон өлкөлөр Тегеранга салынган санкцияларды жеңилдете баштаган. Бирок 2018-жылы бул келишимден Кошмо Штаттардын ошол кездеги президенти Дональд Трамп бир тараптуу чыгып кеткен соң Иран уранды байытууну жандантканын жарыялаган.

АКШда быйыл жыл башында президент болгон Жо Байден бул келишимге кайтып келүү каалоосун билдирген соң жаңыдан сүйлөшүүлөр башталган эле.

Венадагы сүйлөшүүлөр кызыган кезде 25-апрелде перс тилдүү Iran International спутник каналы Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифтин аудио маегинин үзүндүлөрүн жарыялады. Анда Ирандын башкы дипломаты Ислам ыңкылабынын сакчылары корпусунун тандалма “Аль Кудс” бөлүгүнүн мурдагы кол башчысы, маркум генерал Касем Сулейманинин тышкы саясатка кийлигишүүсү тууралуу айтып берген.

Касем Сулейманинин Бейруттагы эстелиги
Касем Сулейманинин Бейруттагы эстелиги

Ошондой эле маекте Сулеймани Орусия менен сүйлөшүп алып 2015-жылдагы Өзөктүк келишимди үзгүлтүккө учуратуу аракети жөнүндө сөз болгон:

"Өзөктүк келишимге кол коюлар акыркы жумада Орусия ага кол коюлбашы үчүн бардыгын жасады. Ошондуктан Лавров (Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров-ред) сахнада жок болчу.(Ирандын өзөктүк келишими кол коюлган соң түшкөн сүрөттө)",-деп айтып берген Жавад Зариф.

Генерал Сулеймани былтыр январда Багдаддын жанындагы аба майданында америкалык дрондун соккусунан каза тапкан. Тегеран ага жооп катары АКШнын Ирактагы күчтөрү жайгашкан базага сокку урган. Бул окуя Иран менен АКШнын ансыз начар мамилесин туңгуюкка кептеген болчу.

Эми ашкере динчил генерал жөнүндөгү маек Ирандагы консервативдүү саясатчылардын жана маалымат каражаттарынын нааразылыгын жаратты.

Министр Зариф бул боюнча расмий комментарий бере элек. Бирок ал "Инстаграмдагы" баракчасына Багдаддагы Касем Сулейманинин эстелигине барган видеосун коюп, ырксыздык тууралуу айтылгандарга карата ал болгону "дипломатиялык жана аскердик тармактарды акыл эстүү жөнгө салуу тууралуу" гана айткысы келгени жөнүндө пикирин калтырды.

Зариф анын "дипломатия менен аскер ишинин аралыгы тууралуу жашыруун сөзү ички талаш-тартышка жем таштаганына өкүнөрүн" билдирди.

Ал эми президент Роухани болсо бул аудиону ал бийликтен кеткенден кийинки келечекке багытталган учурдагы өкмөт мүчөлөрүнүн маектерин камтыган ири долбоордун бир үзүмү болгонун айтты.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү жети сааттык интервью “тандалма жол менен” монтаждалганын жана андагы айтылгандар “жеке пикир” экенин билдирген.

Ал ортодо Ирандагы Фарс агенттиги бул окуя боюнча кылмыш иши козголгонун жазып чыкса, жарым-жартылай расмий саналган ISNA агенттиги Иран парламентинин улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча комиссиясы тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифтен түшүндүрмө талап кылганын жазды.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG