Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

Ташиев: чек арадагы тилкелер жаңжалга чейинки абалында калат


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалды токтотуу тууралуу тажик тарап менен кол коюлган протокол тууралуу учкай маалымат берди. Ал 2-майда Баткенде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, тараптар тынчтык орнотуу чаралары тууралуу макулдашканын билдирди:

"Эки өлкөнүн бардык чек ара тилкелеринде тынчтыкты орнотуу тууралуу макулдаштык. Биз протоколго тынчтыкты орнотуу ыкмалары тууралуу жаздык. Биринчи ыкма - чек ара тилкелеринен оор техникаларды, чек арачыларга тиешелүү эмес курал-жарактарды жана адамдарды алып кетүү. Экинчси - ар бир мамлекет ошол жаңжалга чейин ээлеген жерин гана ээлеп калуу. Кимдир бирөө кайсы бир мамлекеттин аймагына кирип кеткен болсо, ошол жерден адамдардын, аскердик техникаларын чыгаруу тууралуу. Ушул пункттардын аткарылышы боюнча комиссия түзүү тууралуу макулдаштык", -деди Ташиев.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 34 кыргызстандык набыт болуп, 178 киши жараат алды. Үй-жайын таштай качкан, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 50 миңге жетти.

Эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жетекчилери 1-майга караган түнү ок атууну токтотуу жана аскерлерди чек арага жакын аймактардан чыгарып кетүүнү макулдашкан.

Баткендеги коогада 78 үй, эки мектеп, бир фельдшердик жана акушердик пункт, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ички иштер бөлүмүнүн бир имараты жана сегиз дүкөн талкаланып, өрттөлдү.

"Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып, тажик тараптан 16 киши каза болуп, 90у жараат алганын билдирген. Душанбе жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек. (EBM)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG