Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:39

ЖК чек арадагы коогадан улам эл аралык коомчулукка кайрылуу жолдойт


Кыргыз-тажик чек арасындагы коогада набыт болгон кыргызстандыктардын саны 35ке жетип, 183 киши жараат алды.
Кыргыз-тажик чек арасындагы коогада набыт болгон кыргызстандыктардын саны 35ке жетип, 183 киши жараат алды.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин мүчөсү, депутат Абдувахап Нурбаев "Азаттыкка" билдирди. Аталган комитети бүгүн, 3-майда чек арадагы соңку кырдаалдан улам жабык жыйынга чогулду.

"Биздин комитет эл аралык коомчулукка кайрылуунун долбоорун даярдаган. Бирок депутаттар аны эл аралык юристтер менен дагы иштеп чыгып, бир-эки жерин тактап, парламенттин кийинки отурумунда, парламенттин атынан чыгаралы деген сунуштап жатат. Ошонун үстүнөн кайрадан иштеп жатабыз. Кайрылуунун долбоору бар, толук макулдаша элекпиз, талаш-тартыш болууда. Этият болобу, мамилелерге дагы зыян келтирип албайлы дегендер болууда, биз катуу жазган элек",-деди Нурбаев.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын саны 36га жетип, 183 киши жараат алды. Үй-жайын таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 58 миңге чамалады. Жүзгө жакын турак жай талкаланып, өрттөлдү.

Тажикстандын өкмөтү жабыркагандар жана курмандыктар тууралуу расмий маалымат бере элек. "Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып, 16 киши каза болуп, 90у жараат алганын билдирген. Жаңжалда жабыр тарткан айылдарга барган журналисттер Кожалы (Хожа Аъло) айылында бузулган, өрттөлгөн үйлөрдүн сүрөттөрүн жарыялашты.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы Кыргызстандын айрым аскер адамдарына жана жарандарына каршы кылмыш ишин ачты. Кошуна өлкө кыргызстандыктарды башка мамлекетке каршы куралдуу күч колдонгон деп айыптап, кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны "агрессия" деп мүнөздөдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG