Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 04:23

Бешимов: чек ара чырына расмий аныктама берилиши керек


Аскар Бешимов

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышка мамлекет расмий аныктама бериши керек. Мындай пикирди эл аралык мамилелер боюнча эксперт Аскар Бешимов “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө айтты.

“Учурда Башкы прокуратура берген аныктама – бул козголгон кылмыш ишинин алкагында болду. Бирок бийлик бутактарынын башчылары бул окуяга расмий аныктама бербесе болбойт. Антпесе биз дүйнөлүк коопчулукка кайрыла албайбыз. Өзүбүз баа беришибиз керек. Андан кийин көз карандысыз эксперттерди чакырышыбыз керек. Башка жол жок. Учурда эки өлкө бирин-бири айыптап жатат”, - деди Бешимов.

28-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышка байланыштуу 3-майда Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Тажикстан келишимдерди бузуп, Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында чек араны бузуп кирген деп кылмыш ишин козгогон.

Ал эми Тажикстандын Башкы прокуратурасы 3-майда Кыргызстандын айрым аскер адамдарына жана жарандарына каршы кылмыш ишин ачкан. Тажикстан кыргызстандыктарды башка мамлекетке каршы куралдуу күч колдонгон деп айыптап, кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны "агрессия" деп мүнөздөгөн.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын расмий саны 36га жетип, 189 киши жараат алды.

Тажикстандын өкмөтү жабыркагандардын жана курмандыктардын саны тууралуу расмий маалымат бере элек. "Азаттыктын" тажик кызматы 18 киши каза болуп, 90дой адам жараат алганын билдирген. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG