Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Каламбекова: Баткенди калыбына келтирүү үчүн мамлекеттик дирекция түзүлүшү керек


Бактыгүл Каламбекова.
Бактыгүл Каламбекова.

Баткенди калыбына келтирүү үчүн комплекстүү программа шашылыш түрдө кабыл алынышы керек. Мындай пикирди Кыргызстандын Британиядагы мурдагы элчиси, дипломат Бактыгүл Каламбекова “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө билдирди.

“Болгон чечимдерди көтөрүп чыгып, программа түзүшүбүз керек. Ага таяна турган Баткендин статусу тууралуу мыйзамдар бар. Элдин турмушун калыбына келтирүү үчүн олуттуу кадамдарды жасоо абзел. Эл ошол жерде жашайт. Аларды ушундай абалга алып келгенибиз үчүн мамлекет катары кечирим суроо абзел”, -деди Каламбекова.

Учурда чек ара жаңжалынын кесепетин тактоо улантып жатат. Расмий маалыматка ылайык, Баткен жана Лейлек районундагы куралдуу кагылышта жүздөн ашык имарат талкаланып өрттөлгөн. 3,5 миң чарчы метр жол жарактан чыккан.

Алдын ала эсеп менен жол инфраструктурасынын чыгымы 11 миллион сомдон ашты.

Кыргыз өкмөтү кыйраган, өрттөлүп, талкаланган имараттарды калыбына келтирүү үчүн бюджеттен 700 миллион сом бөлдү.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын расмий саны 36га жетип, 189 киши жараат алды.

Тажикстандын өкмөтү жабыркагандардын жана курмандыктардын саны тууралуу расмий маалымат бере элек. "Азаттыктын" тажик кызматы 18 киши каза болуп, 90дой адам жараат алганын билдирген. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG