Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:40

Беларуста Тихановскаянын төрт ишенимдүү өкүлү абакка кесилди


Литвага чыгып кеткен оппозиция лидери Светлана Тихановскаянын Гомель шаарындагы штабынын өкүлдөрү.
Литвага чыгып кеткен оппозиция лидери Светлана Тихановскаянын Гомель шаарындагы штабынын өкүлдөрү.

Беларустун Гомель шаарындагы райондук сот оппозиция лидери Светлана Тихановскаянын төрт ишенимдүү өкүлүн Александр Лукашенконун авторитардык бийлигине каршы нааразылык акцияларын уюштурганы үчүн узак убакытка түрмөгө кести.

Ага ылайык, Татьяна Каневская, Дмитрий Ивашков жана Александр Шабалин 6 жылга, Юрий Власов 6,5 жылга эркинен ажыратылды. Аларга "массалык башаламандык", "мамлекеттик органдардын имараттардын басып алуу" беренелери менен айып коюлган.

Тихановскаянын шайлоо штабында иштеген бул төрт адам былтыр 9-августтагы талаштуу президенттик шайлоонун алдында кармалган. Алар көз карандысыз талапкерлерди шайлоого катыштырууга уруксат берүү талабы менен элди акцияга чыгууга чакырышкан.

Соттолгондордун баары жана алардын жакындары айыптар саясий мүнөзгө ээ экенин билдиришти.

"Бизде чыныгы соттор жок. Алар бийликте ким турса, ошонун айтканын аткарышат", - деп билдирди Татьяна Каневскаянын уулу Александр Каневский.

Беларустун бийликке баш ийген Борбордук шайлоо комиссиясы 9-августтагы шайлоону өлкөнү 27 жылдан бери башкарып келе жаткан Александ Лукашенко жеңгенин жарыялаган. Бирок оппозициянын талапкери Светлана Тихановская жана анын он миңдеген тарапкерлери шайлоо олуттуу бурмалоолор менен коштолгонун билдиришкен.

Тихановская бул шайлоону өзү жеңгенин күбөлөгөн далилдер жетиштүү экенин айткан. Евробиримдик да Лукашенконун жеңишин тааныган эмес. Бул талаштуу шайлоодон бери Беларуста Лукашенкого каршы демонстрациялар токтобой келет. Күч кызматкерлеринин митингчилерди уруп-сабаганы эл аралык коомчулуктун айыптоосуна кабылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG