Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:08

Орозо айт майрамы 13-майга белгиленди

2019-жылы Бишкектеги эски аянтта окуган айт намазы.
2019-жылы Бишкектеги эски аянтта окуган айт намазы.

Мусулмандардын Орозо айт майрамы 13-майга белгиленди. Аалымдар кеңеши ушундай чечим кабыл алганын муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. Бирок Айдын чыгышына карап бир күнгө айырма болуп калышы мүмкүндүгү эскертилди.

Орозо айт - Ислам дининдеги чоң майрамдардын бири, ыйык Рамазан айынын жыйынтыкталышы болуп саналат. Рамазан айы быйыл 13-апрелде башталган. Диний эрежеге ылайык, адамдар 30 күн бою күндүз даам сызбайт, суу ичпейт.

2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам мечиттерде жана борбордук аянттарда топтошуп айт намазын окууга тыюу салынган. Бул жылы намазга байланыштуу кандай чечим болору азырынча белгисиз.

​
XS
SM
MD
LG