Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:04

Британия коронавирустун Индияда чыккан түрүнө тынчсызданууда


Лондон шаары
Лондон шаары

Британ өкмөт башчысы Борис Жонсон коронавирустун Индияда аныкталган түрү Британияга жеткенин, бул – кадыресе турмушка кайтуу аракеттерин үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн экенин эскертти. Премьер карантинден чыгуунун кезектеги баскычы пландалгандай 17-майда башталарын билдирип, вирустун жаңы штаммы бардык чектөөлөрдү 21-июнда алуу аракеттери кечеңдетиши мүмкүн деп кошумчалады.

Өлкөнүн түндүгүндө бир жумада бул штамм тез жайылып кеткендиктен, элге тест таратуу өңдүү чукул чаралар көрүлүүдө. Окумуштуулар вирустун бул түрү башкаларга караганда тез жугарын эскертип келишет.

Британияда чоң кишилердин үчтөн эки бөлүгүнөн көбү вакцинанын биринчи дозасын алды, 37 проценти толук эмделди.

Индиянын эки ири шаарында коронавируска кабылгандардын күнүмдүк көрсөткүчү ылдыйлады. Бирок өкмөт илдет бир миллард 400 миллион калктын басымдуусу жашаган айыл жергесинде дагы деле басаңдабаганын эскертүүдө.

Саламаттык сактоо министрлиги жекшембиде маалымдагандай, бир күндө 311 миңден ашуун киши коронавирус оорусуна чалдыкканы аныкталды, 4 миңден ашуун бейтап көз жумду. Адистер эки көрсөткүч тең мындан жогору болушу мүмкүн деп айтышат.

Европанын бир катар өлкөсүндө дүйшөмбүдөн тартып карантиндик чаралар жеңилдетилмекчи. Айрым жерлерде сыртта беткап тагынуу эрежеси алынып, жарым жылдан кийин бар, ресторандар жарым-жартылай ачылууда. Бирок дарыгерлер элди этият болууга чакырышууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG