Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:07

УКМК: көмүскө акча ташууга шек саналган эки жаран кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 59,5 миллиард сомду Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарып кетүүгө аракет кылган эки жаранды кармады. Маалыматка ылайык, колго түшкөн адамдар адалдоо максатында акчаны Кытайдагы банктарга которуп турган.

УКМК бул ишке катыштыгы бар башка да шектүүлөрдү издеп жатат.

Атайын кызмат быйыл март айынын башында сөз болуп жаткан фактыны Жазык кодексинин 319-беренеси (“Коррупция”) боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган.

Анын алкагында шектүү катары ошол кездеги Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынын (Финансы полициясы) Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси К.Н. кармалган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Шектүүгө кылмышты жашыруу үчүн схеманы түзгөндөрдөн 180 миллион сом өлчөмүндө пара алган деген айып тагылган.

“Азаттык” радиосу бир нече массалык маалымат каражаттары менен бирге сыртка мыйзамсыз ташылган акча жөнүндө иликтөөлөрдү жарыялап келет. Алардын биринде Түркияда өлтүрүлгөн кытай жараны Айеркен Саймаити көзү тирүүсүндө өзүн журналисттерге "акча адалдоочу адис болгом" деп тааныштырып, Кыргызстандан кеминде 700 миллион доллар адалдап кеткенин билдирген. (MiK)

XS
SM
MD
LG