Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:54

Кумтөр: бизнес-акыйкатчы сырттан башкарууга тынчсызданды


Кумтөр кени.
Кумтөр кени.

Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит Кумтөр кенинин айланасындагы соңку окуяларга камтамачылыгын билдирди. Ал ири инвестордун өкүлдөрү бийлик менен мунасага келе албай, натыйжада Кумтөргө тышкы башкаруу киргенин белгилейт.

Мекеме тараткан маалыматта бизнес-акыйкатчы институту өлкөдөгү соңку кырдаал инвестиция тартууга жана ишкер чөйрөгө таасирин тийгизип жатканын бир нече жолу айтканы жазылган. Ошондой эле Кыргызстан экономикалык кризистен чыгуу үчүн бизнести коргоого алышы керектиги зарыл экени белгиленген.

Бизнес-омбудсмен институту Кумтөргө сырттан башкаруу киргизүүгө байланыштуу 8-майда да билдирүү таратып, мыйзам долбоорунун кабыл алынышы өлкөгө инвестиция тартууну төмөндөтөт деп эскерткен.

Билдирүүдө сырттан башкарууну киргизүү экономика боюнча эл аралык рейтингдерде мамлекеттин имиджине көлөкө түшүрө турганы белгиленген. Буга байланыштуу Кыргызстан инвесторлор менен эл аралык соттордо териштирүүгө кабылышы мүмкүн экенин эскертилген.

17-майда Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүнү тапшырды.

"Акционердик коомдор жөнүндө" мыйзамга жана Жазык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" деп аталган мыйзам парламентте быйыл 6-майда кабыл алынып, 14-майда ага президент кол койгон.

Мыйзамда жер казынасын коргоо, экологиялык жана өнөр жай коопсуздугу боюнча талаптарды бузган, адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирген ишканаларга тышкы башкаруу киргизүүнүн негиздери менен тартибин жөнгө салуучу ченемдер камтылган.

Жазык кодекси убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда акционердик коомдун башкаруу органдарына коюлган чектөөлөрдү бузгандыгы үчүн жоопкерчилик каралган берене менен толукталган.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кендердин бири. Аны канадалык "Центерра Голд" компаниясы иштетет, Кыргызстандын үлүшү 26% түзөт. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG