Жекшембиде Италиянын түндүгүндө Лаго Маджоре көлүнүн жээгинен Монтероне тоосуна тартылган асма жолдо илинген фуникулёр кабинасы кулап тогуз адам каза болду. Кабинада 11 адам болгон. Эки бала жараат алган.
Кырсыкка асма жолго керилген темир зымдын үзүлүп кеткени себеп болгон. Кабина токтоочу жерге жетип калганда 10 метр бийиктиктен кулаган. Кырсыктын чоо-жайы иликтенип жатат.
Алдын-ала айтылып жаткан маалыматтарга караганда, кулаган фуникулёр коронавируска байланыштуу эс алуудан кийин эми эле алгачкы каттамын баштаган. Мындан улам кабинага чектелүү адам гана чыккан болчу. Фуникулёрго жалпы 40тай адам батмак.
Дагы караңыз
Facebook шеринеси