Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:07

АКШ: Расизмди токтотуу талабы жаңырды


Маркум Жорж Флойддун кызы Жианна. Вашингтон, 25-май, 2021-жыл.
Маркум Жорж Флойддун кызы Жианна. Вашингтон, 25-май, 2021-жыл.

АКШда ынды кара Жорж Флойддун өлүмүнүн бир жылдыгына карата нааразылык акциялары уюштурулду. 25-майда митинг-пикет жана жүрүштөргө чыккандар өлкөдө расизм менен дискриминацияга чекит коюлушун талап кылышты. Мыйзам чыгаруучулар полицияны реформалоо боюнча Флойддун атынан аталган мыйзамды кабыл ала элек.

АКШ президенти Жо Байден 25-майда Ак үйдө маркум Жорд Флойддун өлүмүнүн бир жылдыгына байланыштуу анын үй-бүлө мүчөлөрүн кабыл алды. Байден мыйзам чыгаруучулар полицияны реформалоого жол ачкан документти кабыл аларына үмүт артарын билдирди.

46 жаштагы ынды кара Флойд Миннеаполисте полиция кызматкеринин колунан жан берген. Дерек Шовин аттуу тартип коргоочу анын моюнун тогуз мүнөттөн ашуун жерге ныгыра басып турган.

Полициянын зулумдугу, расалык теңсиздик элди түп көтөрдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:31 0:00

Флойддун өлүмү расизмге жана полициянын зордук-зомбулугуна каршы толкундоолордун башталышына түрткү болду. Бир жыл мурда АКШнын көп шаарларында жана чет жактарда өткөн демонстрациялар мамлекеттик деңгээлде полицияны реформалоо демилгесинин көтөрүлүшүнө жол ачты.

Байден Флойддун өлүмүнүн бир жылдыгына чейин сөз болуп жаткан мыйзамдын кабыл алынышын боолголоп жаткан. Бирок ал документ кандайдыр бир себептер менен Конгрессте кармалып турат.

Сунушталып жаткан мыйзамга ылайык, полиция кызматкерлерине муунтууну, алдын ала эскертилбеген рейддерди жүргүзүүгө тыюу салынат. Ошондой эле кандайдыр бир олуттуу себептер үчүн жазаланган полициячылардын улуттук тизмесин түзүү каралган.

Байден жана вице-президент Камала Харрис менен жолугушууга Флойддун энеси, кызы, карындашы, ага-инилери, келини жана жээни да барды.

Андан мурда Флойддун үй-бүлө мүчөлөрү полициянын реформасын талкуулоо үчүн мыйзам чыгаруучулар менен жолугушкан. Капитолийде Өкүлдөр палатасынын спикери Ненси Пелоси менен журналисттерге чыккан маалда Флойддун агасы Филониз агасы дүйнөнү өзгөрткөнүн айтты:

"Бүгүн иним Флойддун өлтүрүлгөнүнө бир жыл болду. Ушул күнү адамдар Америкада эмне болуп жатканын түшүнүп, «Жетишет!» деп айткан күн. Полициянын реформасы тууралуу мыйзам Байдендин столунда турушу керек. Сенат муну камсыздашы зарыл. Анткени Жианна (Флойддун кызы) айткандай, атасы эмне кылат? Туура, дүйнөнү өзгөртөт".

Пелоси бул мыйзамды жакын арада жактыларына үмүттөнүп турганын айтты.

Флойддун өлүмүнүн бир жылдыгына карата Американын ар кайсы аймактарында пикет, митинг, жүрүштөр уюштурулду. Алардын катышуучулары өлкөдө кеңири жайылган расизм менен дискриминацияга чекит коюуга чакырышты.

Ал эми Флойддун өлүмүнө айыпталып жаткан 45 жаштагы Шовинге сот өкүмү 25-июнда чыгарылат. Ал 40 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG