Кадр саясаты: орун алмашуу жана иштин сапаты
Кыргызстандын райондорунун дээрлик бардыгында акимдер жаңыланып, ротацияланды. Бийлик бул аракет "Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндөгү" жарлыкка ылайык жүргүзүлүп, жергиликтүү башкаруу органдарынын ишинин эффективдүүлүгүн арттыруу максатын көздөөрүн белгилеп жатат. Ал эми бүгүн парламентте төрт ай мурда бекиген өкмөттүн мамлекеттик органдардын ишин уюштурудагы соңку кадамдары, аракеттери ырааттуу болбой жатканы тууралуу сындар айтылды. Студиянын коноктору - мамлекеттик кадр кызматынын директорунун кенешчиси Калыбек Алышбаев, Жогорку Кенештин депутаты Дастан Бекешев, мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев жана өкмөттүн Ош облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев.
Чыгарылыштар
-
Апрель 30, 2026Евробиримдиктин санкциясы Кыргызстанга эмнеге кооптуу?
-
Апрель 29, 2026Ташиевге кылмыш иши козголду. Окуя кандай өнүгөт?
-
Апрель 22, 2026Күч органдары ачык-айкындуулук менен адискөйлүктөн алыспы?
-
Март 16, 2026Ташиевдин отставкасынан кийинки саясий жүрүштөр
-
Февраль 26, 2026Жогорку Кеңештеги жүрүш: үч депутат мандатын тапшырды