Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:04

Баку армян күчтөрүнүн огунан бир аскери жарадар болгонун билдирди


Армения менен Азербайжандын чек арасынын картасы.
Армения менен Азербайжандын чек арасынын картасы.

Азербайжан чек арадагы кагылышууда армян тараптын огунан бир аскери жараат алганын билдирди, Ереван бул маалыматты четке какты.

Азербайжандын Коргоо министрлиги 28-майда тараткан билдирүүдө Бабек районундагы турумдарын Армениянын күчтөрү аткылаганы жазылган.

Андан бир аскердин ийинине ок тийип, ооруканага жеткирилгени айтылды.

Ереван бул маалыматты «чектен чыккан калп» деп атады. 27-майда алты армян аскерин азербайжан тарап кармап кеткени кабарланган. Апта башында эки тарап чек арадагы ок атышуу үчүн бири-бирин айыпташкан. Армения ал атышууда бир аскеринен ажыраганын билдирген.

Былтыр күзүндө Түштүк Кавказдагы эки өлкөнүн ортосунда Тоолуу Карабак анклавы үчүн алты жумага созулган согуш чыккан. 6900дөн ашык адамдын өмүрүн алган жаңжал Армения, Азербайжан жана Орусия кол койгон келишимден кийин басылган. Ага ылайык, Ереван этникалык армяндар ондогон жылдан бери көзөмөлдөп келген жерлерди коңшу өлкөгө кайтарып берген. Тынчтык келишиминин алкагында Орусиянын тынчтык күчтөрү Тоолуу Карабактын айланасына жайгаштырылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG