Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:31

Аба ырайы: Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөйт


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

31-майда Нарын, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;

Талас жергесинде түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 0…-5, күндүз 8…13 градус болот.

Бишкекте күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 18…20°, күндүзгү жогорку температурасы 32…34 градус болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG