Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:22

Нигерияда "Твиттерге" тыюу салынды


"Твиттердин" (солдон биринчи) логотиби. Иллюстрациялык сүрөт.
"Твиттердин" (солдон биринчи) логотиби. Иллюстрациялык сүрөт.

Нигериянын өкмөтү "Твиттерге" тыюу салып, анын колдонуучуларын камоо тууралуу прокуратурага көрсөтмө берди. CNN телеканалы маалымдагандай, тыюу 4-июндан тарта салынды. Маданият жана маалымат министрлиги "Твиттердин" Нигериянын аймагында ишмердүүлүк кылуусуна мөөнөтсүз тыюу салган. Эки күн мурун соцтармак Нигериянын президенти Мухаммад Бухаринин постун алып салган. Министр Лай Мухаммед бул үчүн "Твиттер" компаниясын "кош жүздүү стандарт жүргүзөт" деп айыптап, соцтармактын ишин "шектүү" деп сыпаттаган.

CNN маалымдагандай, 5-июндун таңынан тартып өлкөдө "Твиттер" ачылбай калды. Бирок жергиликтүү эл VPN (жеке виртуалдык тармак) аркылуу соцтармактан пайдаланууну улантышууда.

Нигериянын баш прокурору өлкөнүн Байланыш министрлигине мыйзам бузгандарды аныктап, кармоодо көмөктөшүүгө чакырган кат жолдоду. Башкы прокуратуранын өкүлү тыюу салынган соцтармакты пайдалангандардын баары жоопко тартыларын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG