Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:21

Жапаровдун кортежиндеги автоунаа кабылган кырсык иликтенет


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаровду коштоп бараткан кортеждеги бир автоунаанын кырсыкка кабылышына байланыштуу кылмыш иши козголду. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, иликтөөнү Ысык-Көл облустук прокуратурасы жүргүзүп жатат.

4-июнда Жапаровду коштоп бараткан автоунаа Ысык-Көл районунун Ананьево айылында каршы тилкеге чыга калган жеңил машина менен сүзүшкөн. Баштапкы маалыматта айтылгандай, каршыда келаткан машинанын айдоочусу мас болгон.

Аварияда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) 9-кызматынын бир офицери каза болуп, үч адам жабыркаганы расмий кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG