Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:26

ЖКда Токтогул ГЭСин кышка даярдоо маселеси көтөрүлдү


Токтогул ГЭСи.
Токтогул ГЭСи.

Жогорку Кеңештин депутаты Замирбек Эсенаманов 10-июнда парламент жыйынында Токтогул ГЭСинин кышкы даярдыгы кечеңдеп жатканын билдирди. Ал энергетика жана өнөр жай министринен бул кырдаал тууралуу түшүндүрмө талап кылды.

“Токтогул ГЭСинин 4-агрегаты оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Бирок керектүү шаймандар чет өлкөдөн келбей калганына байланыштуу иш токтоп турат. Шартка ылайык, оңдоп-түзөө иштери 15-ноябрда бүтүшү керек эле. Бирок иш кечеңдеп, кыш мезгилине чейин созулуп кетиши мүмкүн болууда. Бул өзгөчө кырдаалга алып келиши ыктымал. Ошондуктан парламенттин кийинки аптадагы жыйынында Министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана Энергетика министрлиги менен маселени чогуу талкулайлы”, - деди Эсенаманов.

10-июнга карата Токтогул суу сактагычында 10,6 миллиард куб метр суу топтолду. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 3 миллиард куб метрге аз.

Энергетика жана өнөр жай министрлиги электрди пайдалануу азыркыдай шартта улана берсе, келерки жылдары суу 5-6 млрд. куб метрге чейин азаярын маалымдаган. Мындан улам Кыргызстан Казакстан менен Өзбекстандан электр энергиясын 11-марттан баштап товар алмашуу ыкмасында ала баштаган. Кыргыз өкмөтү электр энергиясын кошуналардын эсебинен колдонуп, Токтогул ГЭСине суу толтурмакчы.

2007-2008-жылдары ГЭСтин суусу 7-8 миллиард куб метрге чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген. Энергетиктер суу алты миллиард куб метрге чейин азайса ГЭС авариялык абалга кабыларын эскертип келишет.

Токтогул ГЭСи Кыргызстанда электр жарыгынын 33% өндүрөт. Суу сактагычка 19 миллиард куб метр суу батат. (MiK)

XS
SM
MD
LG