Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:37

Коронавирус болгон Исхак Масалиев пандемияга каршы күрөштү сындады


Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, "Кыргызстан коммунисттери" партиясынын лидери Исхак Масалиев коронавируска чалдыкты. Бул тууралуу ал 9-июнда "Фейсбуктагы" баракчасына жазып, Кыргызстанда пандемияга каршы күрөштүн чабалдыгын сындады.

Ал COVID-19га карата комплекстүү текшерүүдөн өтүүгө 15 миң сом коротконун билдирди. Экс-депутат коронавируска жалпы милдеттүү текшерүүнү же акысыз, же арзан баада кылууну сунуш кылды. Бирок өзү кайсыл клиникада текшерилгенин тактаган жок.

Масалиев саламаттык сактоо министрин пандемияга каршы күрөшүүгө бюджеттен акча бөлүштүрүүгө аракет жасашы керектигин айтты.

Жалпысынан Кыргызстанда бул ооруга чалдыккандардын расмий эсеби 108 667 кишиге жетти. Алардын 1861и көз жумду, 102 миңдейи сакайды. (SE)

Кыргызстанда коронавирусту аныктаган лабораториялык изилдөө, ооруну аныктоо иштери мамлекеттик жана жеке клиникаларда жүргүзүлөт. Жеке медициналык мекемелер бааны өздөрү бычышат. Тест тапшыруунун жалпы орточо наркы - 1500 сом.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG