Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:58

Бишкекте угуусу начар 29 өспүрүмгө акысыз операция жасалат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Катар өкмөтү Кыргызстандагы угуу мүмкүнчүлүгү чектелген 29 өспүрүмгө акысыз операция жасоого көмөктөшөт.

Бул тууралуу 14-июнда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Байшеналиев Катардын Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти менен жолугушуусунда маалым болду.

Анда элчи 23-июнда катарлык дарыгерлер кохлеардык имплант операциясын жасоо үчүн Кыргызстанга келерин билдирди. Операциялар Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборунда жасалат.

Маалыматка ылайык, Катар мамлекети жалпы 150 кохлеардык имплант бөлүп берди. Ушул жылдын аягына чейин 50 операция жасалат. Калганы алдыңкы эки жылда ишке ашырылат. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG