Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:29

Байден Евробиримдиктин лидерлери менен жолугат


АКШнын президенти Жо Байден менен Европанын лидерлери.
АКШнын президенти Жо Байден менен Европанын лидерлери.

АКШнын президенти Жо Байден 15-июнда Европа кеңешинин президенти Чарльз Мишел жана Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен менен жолугуп, бир катар талылуу маселелерди талкуулайт.

Анда климаттын өзгөрүшү, соода алака, Кытай менен Орусиянын агрессивдүү позициясына каршы күрөшүү өңдүү темалар көтөрүлөт.

АКШ менен Европанын жетекчилери бир катар соода талаштарын, анын ичинде Airbus жана Boeing компанияларынын айланасындагы 17 жылдан берки маселени жөнгө салууга аракет жасай турганы белгиленди.

Дипломатия тармагындагы булактардын маалыматына ылайык, бул тууралуу макулдашуу кийинки айда болору күтүлүп жатат.

Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен маалымат жыйында АКШ менен Евробиримдик авиацияны каржылоо боюнча талаш чечилет деген ишенимде экенин айтты.

"Мен бүгүн америкалык достор менен сүйлөшүүлөрдө Airbus-Boeing маселеси боюнча макулдашууга жетише аларыбызга абдан ишенем".

2018-жылы АКШнын ошол кездеги президенти Дональд Трамп Европага учак өндүрүшү үчүн болот менен калай сатууда 25 жана 10% экспорттук төлөм киргизген.

Брюссель буга жооп катары АКШнын бир топ товарларына пошлина киргизген.

Бул жолку жолугушууда чектөөлөрдү алып салып, талаштарды жөнгө салуу мөөнөтү аныктала турганы айтылды.

XS
SM
MD
LG