Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Август, 2021 жума, Бишкек убактысы 03:49

Макей менен Лавров камактагы Сапеганын жагдайын талкуулайт


Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров менен Беларустун тышкы иштер министри Владимир Макей, Москва, 2-апрель 2021-жыл.

Беларустун тышкы иштер министри Владимир Макей эки күндүк сапары менен 17-июнда Москвага барат. Анда беларус бийлиги камакка алган оппозициячыл активист Роман Протасевичтин сүйлөшкөн кызы, орус жараны София Сапеганын маселеси тууралуу сөз болоору күтүлүп жатат.

Буга чейин орус бийлиги беларус тышкы иштер министрин Сапеганын ишин талкуулооо үчүн Москвага чакырганын маалымдаган. Лавров менен Макей бул маселени 18-июндагы жолугушуусунда талкуулаганы турушат.

Литвада баш калкалап келген активист Роман Протасевич 23-майда сүйлөшкөн кызы София Сапега менен чогуу "Ryanair" авиакомпаниясынын учагы менен Афиныдан Вилньюска учуп чыккан. Бирок бул учак Беларустан Литванын аба мейкиндигине кирерге аз калганда "бортто бомба бар" деген шылтоо менен аскердик учактын коштоосунда күчтөп Минскиге кондурулган жана борттогу Протасевич менен Сапега камакка алынган. Беларус бийлигинин бул кадамы Евробиримдик сыяктуу эл аралык уюмдардын кескин сынына кабылган.

Укук коргоочулардын айтымында, беларус бийлиги 23 жаштагы Сапегага "массалык башаламандык уюштуруу" сыяктуу бир топ айыптарды тагып жатат. 14-июнда Минскинин соту аны тергөө абагынан бошотуу тууралуу өтүнүчтү четке какты.

Тышкы иштер министр Владимир Макей май айындагы интервьюларынын биринде Беларусту 27 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко Сапегага ырайым бериши мүмкүндүгүн же Орусияга өткөрүп бериши ыктымалдыгын айткан.

Беларустагы былтыр август айындагы талаштуу президенттик шайлоодон бери демократиячыл жүрүштөр уланууда. Москва бул маселеде Лукашенконун режимин колдоп келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG