Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:29

Казакстан: жаңы штаммдан улам чаралар күчөтүлүшү мүмкүн


Нур-Султан шаары. 6-июнь 2021-жыл
Нур-Султан шаары. 6-июнь 2021-жыл

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин башкалаада санитардык-эпидемиологиялык талаптарды күчөтүү тапшырмасын берди. Анын алдында Нур-Султанда коронавирустун индиялык же дельта штаммына кабылган болушу мүмкүн деп шектелген бейтаптар катталган. Премьер жетиштүү чаралар көрүлбөй, эмдөө солгун жүргөндүктөн инфекциялангандар көп болуп жатканын сындады.

Саламаттык сактоо министри Алексей Цой шейшембиде өкмөт жыйынында региондордогу ооруканаларды бардык керектүү нерселер менен камсыздоо тапшырмасын берди. Министрдин айтымында, башкалаада алынган анализдер вирустун дельта түрүнө мүнөздүү мутация ыктымалдыгын көргөздү. Ал түрү өзгөчө жугуштуу болуп эсептелет, инкубациялык мөөнөтү кыскараак.

Казак башкалаасы инфекциянын жайылышынан улам “кызыл зонада” кала берүүдө. Бир суткада 323 жаңы бейтап катталды. Бул – өлкө боюнча илдет лаборатордук жол менен тастыкталган учурлардын үчтөн бир бөлүгү.

XS
SM
MD
LG