Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:37

АКШнын мурдагы коргоо министри Дональд Рамсфельд дүйнө салды


Дональд Рамсфельд
Дональд Рамсфельд

АКШнын мурдагы коргоо министри Дональд Рамсфельд 88 жаш курагында дүйнө салды. Ал cоңку жылдары ооруп жүргөн.

Рамсфельд 1975-1977-жылдары Жеральд Форд президент кезинде эң жаш коргоо министри катары иштесе, 2001-жылы кенже Жорж Буш президенттикке шайланганда экинчи жолу Пентагонду башкарган.

Ал министр болуп турганда 2001-жылы 11-сентябрда АКШ террордук чабуулдарга туш болгон. Мындан соң Дональд Рамсфельддин жетекчилиги менен Кошмо Штаттар Ооганстанда террорчулукка каршы операцияларды баштаган.

Кийин 2003-жылы америкалык аскерлер Багдадга кирип, Саддам Хусейндин режими кулатылган эле.

Дональд Рамсфельд Пентагонду жетектеген эң таасирдүү адамдардын бири катары саналчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG