Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:46

Навальныйдын дагы бир үзөңгүлөшү кармалды


Алексей Навальный "Навальный LIVE" каналынын эфиринде.
Алексей Навальный "Навальный LIVE" каналынын эфиринде.

Орусиядагы камактагы саясатчы Алексей Навальный түптөгөн "Навальный LIVE" каналынын мурдагы режиссеру Алексей Яковлевду Москвадагы Шереметьево аэропортунан полиция кармап кетти.

Аны учак аэропортко конору менен кармап, Тергөө комитетине алып кетишкен. Яковлев “алдамчылык” беренеси боюнча сурак берип жатканы кабарланды. Ал Навальный түптөгөн Коррупцияга каршы күрөш фонду боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында суралып жатышы мүмкүн. Бул иш Алексей Навальныйга карата 2020-жылдын декабрында козголгон. Анда Навальный фондго топтолгон каражатты өз пайдасына колдонгон деп айып тагылган эле.

Алексей Яковлев иштеген "Навальный LIVE" интернетте иш алып барган оппозициячыл маанайдагы канал.

Орус бийлигинин башкы сынчысы болгон Алексей Навальный быйыл жыл башында Германиядан дарылануудан келген соң кармалган. Ал учурда Владимир облусундагы түрмөдө жазасын өтөп жатат.

Мындан соң орус бийлиги Навальный түптөгөн фонд, штабдарды экстремисттик деп таап, ишмердик жүргүзүүгө тыюу салган. Оппозициячыл саясатчынын бир катар үзөңгүлөштөрүнө кылмыш иши козголуп, айрымдар Орусиядан чыгып кетүүгө аргасыз болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG