Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:27

Орусияда коронавирустан каза тапкандардын саны өсүүдө


Коронавирус курмандыктарынын көрүстөнү. Санкт-Петербург. Декабрь, 2020-жыл.
Коронавирус курмандыктарынын көрүстөнү. Санкт-Петербург. Декабрь, 2020-жыл.

Орусияда беш күндөн бери коронавирустан каза тапкандардын саны болуп көрбөгөндөй өсүүдө. Акыркы суткада өлкөдө 697 адам вирустан көз жумду. 3-июлга карата ооруга жаңы чалдыккандардын саны 24 439 адамга жетти. Акыркы суткада 17 899 адам сакайган.

Пандемия башталгандан бери Орусияда 5 млн. 585 262 адам ооруга чалдыкты. 137 262 адам илдеттен көз жумду. Көз карандысыз адистер коронавирустан көз жумгандардын чыныгы саны бул көрсөткүчтөн үч эсе көп болушу ыктмалдыгын айтышууда.

2019-жылы Кытайдын Ухань шаарынан чыккан COVID-19 вирусу кыска аралыкта жалпы дүйнөнү каптады. Ооруга дүйнө жүзү боюнча 185 млн. чукул адам чалдыгып, 3 млн. 980256 адам көз жумду.

Бул аралыкта Орусиянын өзүндө коронавируска каршы "Sputnik V", "Sputnik Light", "Кови-Вак" жана "Вектор" деген вакциналар иштелип чыкты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG