Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:49

Иран "Дельта" штаммынан улам чектөөлөрдү күчөттү


Тегеран шаарындагы оорукана.
Тегеран шаарындагы оорукана.

Ирандын бийлиги коронавирустун "Дельта" варианты жайылып жаткандыктан, чоң шаарларда чектөөлөрдү күчөткөнүн 4-июлда жарыялады. Ага ылайык, баш калаа Тегеран баштаган 275 шаарда өтө зарыл эмес ишканалар жабыла турган болду.

COVID-19дун жайылышы боюнча "кызыл" жана "сары" зоналарга кирген шаарларда сейил бактар, ресторандар, сулуулук салондору, соода жайлары жана китеп дүкөндөрү да жабылат.

3-июлда президент Хасан Роухани Иранды коронавирустун бешинчи толкуну тооруп турганын эскертип, элди санитардык эрежелерди так сактоого чакырган.

"Дельта" варианты адеп Ирандын түштүк жана түштүк-чыгыш аймактарында жайыла баштаган. Өлкөдө июндун ортосунан июлдун башына чейин вирусту жугузуп алгандардын саны дээрлик эки эсеге көбөйдү.

Иран Жакынкы Чыгыштагы COVID-19дан эң катуу жабыркаган өлкө. Расмий маалыматка ылайык, бул өлкөдө 3,2 миллион киши өпкөнү сезгенткен вирусту жугузуп алса, 85 миңдей адам бул илдеттен көз жумду. Бирок эпидемиянын чыныгы масштабы расмий айтылгандан кыйла көп экени кабарланып келет.

Эл аралык адистер алгач Индияда аныкталган "Дельта" штаммы адамга жугары менен белгилери тез эле пайда болорун, өпкө клеткаларын жабыркатарын жана антиденечелерди алсырата турганын эскертишкен. Алар бул штамм өзгөчө вакцина албагандардын арасында жайылып жатканын белгилешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG