Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:03

МАГАТЭнин башчысынын орун басары Тегеранга барат


Ирандагы Натанз заводу.
Ирандагы Натанз заводу.

Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) башчысынын орун басары Массимо Апаро келе жаткан аптада Иранга барат. Бул тууралуу Ирандын БУУдагы чабарманы Казем Гарибабадиге шилтеме кылып Ирандын мамлекеттик басылмалары кабарлашты.

"Биз агенттик менен туруктуу байланышта болсок да аны менен Тегеранда эч кандай сүйлөшүүлөр пландалган жок", - деп билдирген Гарибабади.

Европанын дипломатиялык чөйрөсүндөгү булак мындай маалыматты "Франц-пресс" жаңылыктар агенттигине ырастады. Анын айтымында, Массимо Апаро Ирандагы Натанз уран байытуучу заводуна барат. Иран Натанзда 11-апрелде жарылуу болгондон бери МАГАТЭнин өкүлдөрүнүн бул заводго киришине чектөө койгону кабарланган.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеши керек эле. Бул үчүн Ислам Республикасына салынган эл аралык санкциялар алынган.

Бирок АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын администрациясы 2018-жылы бул келишимден чыгып кеткен. Тегеран буга жооп кылып, келишимдин айрым шарттарын аткаруудан баш тарткан. Жо Байден президенттик кызматка киришкенден бери АКШнын жаңы администрациясынын өкүлдөрү өзөктүк келишимге байланыштуу эл аралык сүйлөшүүлөргө катышып жатканы кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG