Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

АШК "Келечек" партиясы мыйзам бузган жок деп тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 4-июлда "Келечек-Будущее" партиясынын эки аял алууга чакырган үгүт иши боюнча "Реформа" партиясынын арызын карады. Жыйынтыгында эки аял алууну мыйзамдаштырууга үндөгөн видео чакырыкта шайлоо мыйзамдары жана үгүт иштеринин эрежеси бузулган жок деп тапты.

"Реформа" партиясы 3-июлда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына кайрылып, "Келечек-Будущее" партиясын көп аял алууга үгүттөгөнү үчүн шайлоо мыйзамдарынын негизинде жоопкерчиликке тартууну талап кылган.

"Реформа" Кыргызстандын мыйзамдарында тыюу салынган көп аял алууга үгүттөө менен "Келечек-Будущее" партиясы элди кылмышка үндөп жатат деп билдирген.

Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышып жаткан "Келечек-Будущее" партиясынын талапкери Назира Абдыкаимованын көп аял алууга үгүттөгөн видео чакырыгы 2-июлда соцтармактарда жарыяланган.

11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине шайлоо болот. Үгүт иштери 21-июндан тарта жүрүүдө. Бишкек шаар кеңешине 18 партия ат салышат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG