Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:41

Медетбеков: Инандынын окуясы мамилеге доо кетириши мүмкүн


Орхан Инанды табылышын талап кылган митинг. Бишкек. 16-июнь, 2021-жыл.
Орхан Инанды табылышын талап кылган митинг. Бишкек. 16-июнь, 2021-жыл.

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары, генерал-майор Артур Медетбеков "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын уурдалышы Кыргызстан менен Түркиянын мамилесине доо кетириши ыктымал деген пикирин билдирди. Ал бул тууралуу "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" программасында айтты.

"Түркиянын бийлиги буга чейин башка өлкөлөрдөн да өздөрү ФЕТОчу деп санаган адамдарды көп уурдап келишти. Алардын эч бирин кайтарган эмес. Ошондуктан, Инандыны да кыргыз жараны катары Кыргызстанга бербеши мүмкүн. Бирок бийлик аны кайтарып алууга аракет кылышы зарыл".

Медетбеков Орхан Инандынын уурдалып кетиши Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине, Чек ара кызматына чоң сабак болушу керек деп эсептейт. Анын айтуусунда бийликте текшерүү, уюштуруу, көзөмөлдөө иштеринде чабалдык бар.

Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болчу. Тарапкерлери анын табылышын талап кылып, бир нече ирет акцияга чыгышкан.

5-июлда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялаган.

"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти, теги түркиялык Орхан Инанды 2012-жылы Кыргызстандын жарандыгын алган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG