Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:36

Бишкекте азык-түлүк коопсуздугу талкууланат


Бишкектеги Ош базарында. 10-июнь, 2021-жыл.
Бишкектеги Ош базарында. 10-июнь, 2021-жыл.

"Инновациялык чечимдер, жашыл экономика жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу аркылуу өлкөнүн азык-түлүк системасын турукташтыруу" деп аталган Улуттук диалогдун жыйынтыктоочу жыйынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги уюштурулууда.

Анда Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана тармакты өнүктүрүү боюнча 2030-жылга чейинки Улуттук программанын негизги багыттары талкууланат.

Программа буга чейин бардык облус өкүлдөрүнүн катышуусунда Бишкек жана Ош шаарларында талкууланган.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гуттериштин демилгеси менен быйыл сентябрда дүйнөлүк азык-түлүк системасына арналган биринчи саммит өтөт. Анда бул тармакты өнүктүрүүнүн 17 максатын ишке ашыруунун жолдору талкууланат.

БУУга мүчө өлкөлөр саммитте азык-түлүк системасын өнүктүрүү боюнча 2030-жылга чейинки Улуттук программаларын сунуштайт. Алардын ичинде Кыргызстан дагы бар.

Кыргызстанда июнда азык-түлүк баасы май айына салыштырмалуу 19,5% кымбаттаганын Улуттук статистика комитети кабарлаган.

Улуттук банк жакынкы айларда инфляция 10% ашпайт деп 2021-жылдын февралында болжолдоп, жылдын аягында 7% чейин төмөндөй турганын билдирген. Бирок май айындагы божомол боюнча сентябрга чейин инфляция 11% деңгээлинде болору, жыл соңунда 9% чейин төмөндөй турганы айтылган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG