Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:15

ЖМК: Орхан Инанды Анкара шаардык полициясына өткөрүлүп берилди


Орхан Инандынын тарапташтырынын кезектеги акциясы. 7-июль, 2021-жыл.
Орхан Инандынын тарапташтырынын кезектеги акциясы. 7-июль, 2021-жыл.

Орхан Инанды Анкара шаардык полициясына өткөрүлүп берилип, тергөө изоляторунда 11-июлга чейин калтырылды. Бул тууралуу Түркиянын "Демирөрен" маалымат агенттиги билдирди.

Түркиянын жергиликтүү ЖМКлары 53 жаштагы Орхан Инандынын тергөөсү 8-июлда башталганын, адвокаты карындашынын күйөөсү Халил Ибрахим Йылмаз экенин жазышууда.

Бирок Инандыга кайсыл берене боюнча айып тагылганы так айтыла элек. Буга чейин "Анадолу" маалымат агенттиги Инандыга "Куралдуу террордук уюмду негиздегени же жетектегени" үчүн айып тагылганын жазган.

"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти, теги түркиялык Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголуп, ошондон бери дайынсыз болуп жаткан. Аны Түркиянын атайын кызматы өлкөгө алып келгенин президент Режеп Тайып Эрдоган 5-июлда элге кайрылуусунда жарыялаган.

Буга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркияга нота жиберип, кыргыз жаранын уурдап кетүү эл аралык нормаларга туура келбесин билдирген.

Орхан Инанды 2012-жылы кыргыз жарандыгын алган. Түркия ал түрк жарандыгынан да чыкпаганын билдирген.

Ал эми Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев 6-июлда Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран менен жолуккан. Анда Орхан Инандынын Кыргызстандан Түркияга тымызын алынып кетишине байланыштуу Бишкек Анкарага нота жөнөткөнүн расмий билдирген. Инандынын кайда экени тууралуу маалымат берүүнү жана аны менен консулдук кызматкерди жолуктурууну өтүнгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG