Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:12

Кайра шайлоо: үч шаарда 155 миңден ашык адам добуш берди

Токмокто кечки саат 6га чейин шайлоочулардын 35%  ашыгы добуш берди.
Токмокто кечки саат 6га чейин шайлоочулардын 35% ашыгы добуш берди.

Борбордук шайлоо комиссиясы үч шаардагы кайра шайлоого кечки саат 6га чейин 155 707 адам (25,22%) катышканын билдирди.

Алдын ала эсепке ылайык, Бишкекте 85 411 (20.02%), Ошто 56 610 (37,07%), ал эми Токмокто 13 686 ( 35,27%) шайлоочу келди.

Үч шаардагы кайра шайлоого 26 партиядан 2200дөн көп талапкер катышып жатат.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактыларынан улам Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган.

​
XS
SM
MD
LG