Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:30

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда өткүн өтөт


Кыргызстан. Сары-Челек көлү.
Кыргызстан. Сары-Челек көлү.

Шашылыш билдирүү: 12-14-июль күндөрү тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 13-июлда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34;

Талас жергесинде түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32;

Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында ​түнкүсүн 16…21, күндүз 28…33;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;

Бийик тоолордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 5…10 градус болот.

Бишкекте күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21°, күндүз 31…33° болот.

XS
SM
MD
LG