Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:47

COVID-19: Ташкентте ооруканалар толуп калды 


Ташкент облусунун Зангиата районундагы ооруканадан тартылган сүрөт.
Ташкент облусунун Зангиата районундагы ооруканадан тартылган сүрөт.

Өзбекстандын баш калаасы Ташкентте коронавируска чалдыккандарды дарылаган ооруканалар толуп калды. Абалы оор бейтаптар гана кабыл алынып жатканын "Азаттыктын" өзбек кызматы маалымдады. Өлкөдө оору жуктуруп алгандардын саны соңку күндөрү көбөйүп, күнүгө жүздөгөн адамдан коронавирус аныкталууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Өзбекстанда коронавирус инфекциясына каршы 5 миллиондон ашуун адам эмделди. Алардын миллионго чукулу эмдөөнүн экинчи дозасын да алышты.

Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алгандардын расмий саны 14-июлга карата 117 500гө жакындады. Алардын 780ден ашууну көз жумду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG