Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Август, 2021 жума, Бишкек убактысы 09:15

Монополияга каршы агенттик "Манас" аэропортунун жетекчилигине эскертүү берди


"Манас" аэропортунун автоунаа токтотуучу жайы.

"Манас" аэропортунун машина токтоочу жайындагы акысыз кызмат көрсөтүүнүн жоюлушу - мыйзамсыз. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги "Манас менежмент" компаниясына ушундай эскертүү берди. Бул тууралуу 15-июлда агенттиктин басма сөз кызматы кабарлады.

Учурда "Манас" эл аралык аба майданынын алдындагы токтотмонун алгачкы 15 мүнөтү акысыз, саатына 60 сом, суткасына 360 сом. Аэропорт 20-июлдан тартып акысыз 15 мүнөт жоюлуп, толугу менен акы алууга өтөөрүн билдирген. Бул жай аутсорсингге берилгени, келишимге ылайык бааны аутсорсинг компаниясы гана аныктары айтылган.

Монополияга каршы агенттик бул өзгөртүү "Атаандаштык жөнүндө" мыйзамдын эрежелерине каршы келерин маалымдады. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG